“Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө”

Новости
20-Июнь 2024-ж.
630

2024-жылдын 14-июнундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомун түзүү тапшырылды.


Кылдат талдоонун жана баалоонун негизинде түзүлүп жаткан Фонддун уставдык капиталына уставдык капиталында мамлекеттин катышуусу бар бир катар компаниялар өткөрүлүп берилет.


Кабыл алынган Жарлык менен Фонддун жана анын портфелдик компанияларынын наркынын жогорулашын, эл аралык фондулук рынокторго чыгуу аркылуу инвестицияларды тартууну, корпоративдик башкаруунун мыкты тажрыйбасын киргизүүнү, ошондой эле мамлекеттик программаларды жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүүнү камсыз кылууга тийиш болгон түзүлүүчү Фонддун негизги милдеттери аныкталган.


Түзүлүп жаткан Фонд кадрларды тандоо жана көрсөтүү системасынын натыйжалуулугунун, көз карандысыз директорлордун болушунун, отчеттуулуктун, үзгүлтүксүз аудиттин жана Фонддун жана анын портфелдик компанияларынын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруунун принциптеринде иштейт.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу