КР ЭКМ жана BAFA, POiB менен биргеликте кош багыттагы товарларды натыйжалуу экспорттук контролдоого көмөктөшүү боюнча семинар өтүүдө

Новости
20-Июнь 2024-ж.
707

Үстүбүздөгү жылдын 18-20-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Германиянын экономикалык маселелер жана Экспорттук көзөмөл боюнча федералдык ведомствосу (BAFA) жана Бишкектеги Программалык кеңсеси (POiB) менен биргеликте төмөнкү темалар боюнча семинар өткөрүүдө:

- БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1540 резолюциясын Кыргызстанда улуттук деңгээлде ишке ашырууга арналган;

- Кош колдонуулучу товарларды экспорттук контролдоо боюнча ЕС P2P программасы - Борбордук Азия (105-долбоор);

- Курал-жарактарды натыйжалуу экспорттук контролдоого көмөктөшүү боюнча ЕБ маалымат долбоору (COARM).


Кыргызстанда БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1540 резолюциясына арналган семинардын максаттары - ар кандай секторлордо, анын ичинде экспорттук көзөмөл, бажы жана чек ара коопсуздугу боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын учурдагы аткарылышын карап чыгуу жана баалоо; биологиялык, химиялык жана радиологиялык коопсуздук чараларын карап чыгуу; Кыргыз Республикасында 1540 БУУ ККнын ылайык келүүсүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Улуттук иш-аракеттер планын жаңылоо боюнча сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу. 


Эки багыттагы товарларды экспорттук контролдоо боюнча ЕСтин P2P программасынын жалпы максаты кызматташтыктын узак мөөнөттүү перспективаларын жана экспорттук контролду стандартташтыруудан өз ара экономикалык пайдаларды сунуштоо жолу менен кош багыттагы товарларды стратегиялык соодалык контролдоонун натыйжалуу тутумун түзүүгө, бекемдөөгө же жаңылоого көмөктөшүү болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу