“КРдагы адал-индустрия жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Новости
20-Июнь 2024-ж.
718

2024-жылдын 19-июнунда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров “КРдагы адал-индустрия жөнүндө” мыйзамга кол койгон. 


Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 8-майында кабыл алынган. 


Бул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасында адал-продукцияны өндүрүүнүн жана кызматтарды көрсөтүүнүн укуктук негиздерин аныктоо, атаандаштыкка жөндөмдүү, экологиялык жактан таза жана сапаттуу айыл чарба продукциясын, кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын эл аралык стандарттарга жана адал-продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө талаптарга ылайык өндүрүү жана экспорттоо үчүн базалык шарттарды түзүү, ошондой эле аларга болгон ишенимди жогорулатуу болуп саналат. 


Бул мыйзам адал-индустрияны өнүктүрүү жана адал-индустрияга жана аны маркалоого, адал-индустрияга карата талаптарды аткаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун укуктук негиздерин белгилейт жана адал-индустрия чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылууга багытталган. 


Мыйзам ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүн кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу