Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Новости
20-Июнь 2024-ж.
891

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
 
 Мыйзам 2024-жылдын 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
 
 “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын максаты 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон, жеке жактарга таандык, анын ичинде башка жактарга номиналдуу катталган жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жайгашкан, атайын декларацияны тапшырган күнгө карата менчик ээси же иш жүзүндөгү ээси декларант болуп саналган активдерди ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү жолу менен жеке жактардын мүлкүн жана кирешелерин легалдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу; Кыргыз Республикасынын экономикасына ички жана тышкы инвестицияларды көбөйтүү; көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу; активдердин сакталышын жана “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамда каралган активдерди ыктыярдуу декларациялоо киргизилгенге чейин орун алышы мүмкүн болгон мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн алардын ээлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан куугунтуктоодон коргоону кепилдөөнү камсыз кылуу болуп саналат.
 
 Буга байланыштуу Мыйзамда активдерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтүн 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартуу каралган.
 
 Ошентип, активдерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү болуп 2023-жылдын 9-июнунан тартып 2024-жылдын 31-декабрын кошо алган мезгил аралыгы саналат.
 
 Ошондой эле Мыйзамда жеке нотариустар жеке адамдын активдерди тууралуу атайын декларацияларын күбөлөндүрүү боюнча нотариалдык аракеттерди жасоого укуктуу экени каралган.
 
 Мындан тышкары Мыйзамда бирдиктүү салык декларацияларын жок кылууга байланыштуу, мурда декларацияланган активдер декларациялоо субъектисинин ыктыяры боюнча атайын декларацияга киргизилиши мүмкүн деген ченемдер каралган. 
 
 “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келген мыйзамдардын ченемдерин декларациялоо субъектисине каршы колдонууга тыюу салынат. “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген кепилдиктер кайра каралууга тийиш эмес.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу