Министр Д. Амангелдиев эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн АӨБ Борбордук Азия боюнча депртаментинин директорунун орун басарлары менен жолугушту

Новости
20-Июнь 2024-ж.
838

2024-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында министр Данияр Амангелдиевдин АӨБ борбордук жана Батыш Азия департаментинин башкы директорунун орун басары Сяохун Янг айым жана АӨБ стратегия, саясат жана өнөктөштүк департаментинин башкы директорунун орун басары Виджай Падманабхан мырза менен жолугушуусу болуп өттү. 



Министр Д.Амангелдиев өзүнүн куттуктоо сөзүндө Азия өнүктүрүү банкына экономиканын ар кыл тармактарында маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө жана аймактык интеграцияга олуттуу салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын акыркы мезгилдеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымдады. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын мындан аркы туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу үчүн: жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу багыттар аныкталгандыгы белгилендиэнергетикалык секторду реформалоо жана ЭКБны өнүктүрүү; экспортту жана логистикалык борборлорду; региондорду колдоо; жеке секторду жана өнөр жайды колдоо. 



Буга байланыштуу АӨБ тарабынан бул облустар боюнча кызматташтыкты арттыруу сунушталды. Өз кезегинде, АӨБ өкүлдөрү кыргыз тараптын жашыл туруктуу өсүшкө болгон умтулуусун кубатташты жана жогоруда аталган артыкчылыктуу багыттар АӨБдүн кызматташууга болгон кызыгуусу чөйрөсүндө болуп саналарын белгилешти. 

Мындан тышкары, тараптар табигый кырсыктарды башкаруунун негизинде мөңгүлөрдү сактоо, тобокелдиктерди азайтуу жаатында аймактык кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу