“ТСМТ” компаниясы менен кызматташуу Кыргызстанда медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

Новости
19-Июнь 2024-ж.
621

2024-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү жогорку технологиялуу медициналык рентген диагностикалык жабдууларды чыгарууга адистешкен “ТСМТ” ЖЧК биргелешкен ишканасы  өндүрүштүк компаниясына барды.


Иш сапардын жүрүшүндө соода өкүлчүлүк компаниянын өндүрүштүк кубаттуулугу, анын алдыңкы технологиялары жана продукциялары менен таанышты. Таасирдүү инновация жана жогорку сапаттагы жабдуулар кызматташуу үчүн кеңири перспективаларды сунуштайт.


“ТСМТ” ЖЧК биргелешкен ишканасынын директору Кыргызстандын аймагында медициналык рентген диагностикалык жабдууларды чогултуу цехин ачуу менен бирге кызматташууга даяр экендигине ишендирди.


Бул окуя Кыргызстанда саламаттык сактоону өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат, анткени: кыргызстандыктар үчүн жогорку технологиялык медициналык жабдуулардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу; медициналык техниканы өндүрүү жана тейлөө чөйрөсүндө жаңы жумуш орундарын түзүү; ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө дем берүү жана экономикабыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.



Жоопкерчилиги чектелген коомдун биргелешкен ишканасы “ТСМТ” менен кызматташуу Кыргызстанда медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт. Биз өнөктөштүгүбүздүн жаңы этабынын башталышын чыдамсыздык менен күтөбүз жана бул эки тарап үчүн олуттуу артыкчылыктарды алып келерине ишенебиз",- деп ишендирди Кыргызстандын соода өкүлү Алмаз Темирбеков.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу