Назарбек Малаев TIFA Кеңешинин жыйынына катышты

Новости
14-Июнь 2024-ж.
951

2024-жылдын 13-июнунда Казакстан Республикасынын Астана шаарында Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын жана Америка Кошмо Штаттарынын делегацияларынын катышуусу менен Борбордук Азия жана АКШнын Соода жана инвестициялар боюнча алкактык макулдашуу Кеңешинин (TIFA) 15-отуруму болуп өттү. 


Аталган отурумдун ишине Кыргыз Республикасынын атынан КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев катышты. 


Жыйындын жүрүшүндө жумушчу топтордун отчеттору менен соода жана инвестициялар боюнча аймактык артыкчылыктары каралды. Ошол эле учурда тараптар соода үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана потенциалды кеңейтүү үчүн олуттуу прогресске жетишүүдө TIFAнын жумушчу топторунун маанилүүлүгүн белгилешти, анын ичинде

- бажы жана чек ара жол-жоболорун шайкеш келтирүү;

 - тамак-аш азыктарынын коопсуздугу, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын ден соолугу жаатында илимий негизделген чараларды жана процесстерди кабыл алуу;

 - мамлекеттик интерфейстердин ачык, инклюзивдүү жана коопсуз санариптик инфраструктурасын өнүктүрүү;

- интеллектуалдык менчикти коргоону жана сактоону күчөтүү; 

- аялдардын экономикалык интеграциясын стимулдаштыруу үчүн мамлекеттик-жеке диалогго көмөктөшүү жолу менен.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу