Түркиянын почта – телеграф Уюмунун Башкы Башкармалыгы, ААК “Кыргызпочтасы” ААК жана “Элдик” электрондук коммерция чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду

Новости
14-Июнь 2024-ж.
1020


2024-жылдын 13-июнунда КРнын ЭКМне караштуу Түркия Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен Түркия Республикасынын Почта – телеграф уюмунун башкы башкармалыгы (РТТеМ) «Кыргызпочтасы» ААК жана ”Элдик” (РСК Банк) ортосунда электрондук коммерция, электрондук экспорт, электрондук коммерция технологиясы жана электрондук экспорттук логистика чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.


Анкара шаарында (Түркия Республикасы) өткөн кыргыз-түрк өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык комиссиясынын 11-отурумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Түркия Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун Түркия Республикасынын Почта жана телеграф уюмунун башкы башкармалыгынын (PTTeM) башчысы Хакан Чевикоглу менен жолугушуусу болуп өттү. 


Бул жолугушууга Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министри, КР Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана КР ЭКМ ТР Соода өкүлү катышты. 


2024-жылдын 19-мартында Түркия Республикасынын Почта жана телеграф уюмунун Башкы башкармалыгынын (PTTeM) башчысы менен «Кыргыз почтасы» ААКнын ортосунда онлайн жолугушуу уюштурулду.


2024-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын ЭКМга караштуу Түркия Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан ААК “Кыргызпочтасы” жана “Элдик” (РСК Банк) ортосунда электрондук коммерция, электрондук экспорт, электрондук коммерция технологиясы жана электрондук экспорттук логистика чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюуга көмөк көрсөтүлгөн.


Бул макулдашуу Кыргыз Республикасынын жана коңшу өлкөлөрдүн электрондук коммерциясынын жергиликтүү рыногун өнүктүрүүгө, ошондой эле региондук электрондук коммерциядагы жана электрондук коммерциялык логистикадагы транзакциялардын көлөмүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. 


“Ошондой эле ААК “Кыргыз почтасы” жана “Элдик” (РСК Банктын) жетекчилиги тажрыйба алмашуу максатында РТТеМдин Стамбул шаарындагы логистикалык кампалары менен таанышып чыгышты жана жыйын соңунда мындан ары биргеликте иш алып баруу үчүн жумушчу топ түзүү жөнүндө чечим кабыл алышты. 


Маалымдама:

РТТеМ–Түркиянын эң ири почта уюму болуп саналат. 2013-жылдын май айында түрк парламенти кабыл алган долбоор боюнча почта-телеграф уюму акционердик коом болуп кайра түзүлгөн. РТТеМ почта, банк иши жана логистика сыяктуу тармактарда кызмат көрсөтөт. Ошону менен бирге, РТТеМ электрондук соода жана электрондук экспорт секторун жетектейт. Ошол менен бирге кеңири логистикалык тармакта жана эл аралык транспортто тажрыйбасы бар ири уюм катары эсептелет. РТТеМ кардарларга коопсуз төлөм системалары жана тез жеткирүү кызматтары менен дүйнөлүк деңгээлдеги онлайн соода тажрыйбасына ээ.  



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу