Санжар Болотов САМСА-2024 аймактык форумунун панелдик талкуусунда спикер болду

Новости
14-Июнь 2024-ж.
1113

2024-жылдын 11-июнунан 13-июнуна чейин Бишкекте биринчи жолу өткөн “САМСА алдыга умтулуу жолу: инновациялар жана ички аймактык байланыштарды бекемдөө аркылуу алга жылуу САМСА регионалдык форумунун алкагында КР экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов “Мүмкүнчүлүктөрдүн чектери: САМСА инвестициялык потенциалын ачуу” панелдик дискуссиясында спикер болуп чыкты. 



Форумда регион ичиндеги соода, транспорт жана транзит, аймактык бизнес жана инвестиция, экономикалык өнүгүү, ишкердүүлүк жана инновациялар, адам капиталы жана билим берүү сыяктуу аймактарды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. 


Дискуссиянын жүрүшүндө министрдин орун басары Кыргыз Республикасындагы соода-инвестициялык режим жана преференциялар, ошондой эле ички, аймактык жана чет өлкөлүк инвестицияларга көмөк көрсөтүүгө багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө айтып берди. Ошону менен бирге С.Болотов белгилегендей, Кыргыз Республикасы олуттуу гидроэнергетикалык потенциалга ээ жана энергетикага түз инвестициялар, ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташтыкты арттырууга кызыкдар. 


Жыйынтыгында министрдин орун басары баса белгилегендей, бул Форумду өткөрүү келечекте Борбордук Азия, Монголия, Кавказ жана Афганистан региондорун жалпы өнүгүүгө алып келе турган туруктуу өнүгүү, экономикалык өсүш жана регионалдык кызматташуу жолдорун талкуулоо жана аныктоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат. 


Маалымдама

САМСА регионалдык форуму - бул региондо (Борбордук Азия, Монголия, Кавказ, Афганистан) экономикалык өсүштү жана социалдык өнүгүүнү илгерилетүү жолдору жөнүндө жалпы аймактык талкууларга көмөктөшүү үчүн түзүлгөн саясий эмес аянтча. Аталган аймакка аймактагы 10 өлкө кирет: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан, Монголия, Азербайжан, Армения жана Грузия.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу