Санжар Болотов: “Кыргызстан-Өзбекстан” Бизнес форуму - биргелешкен амбициялуу максаттарды ишке ашыруунун кезектеги кадамы

Новости
13-Июнь 2024-ж.
1274

Бул тууралуу бүгүн, 2024-жылдын 13-июнунда, Бишкекте, Кыргызстан-Өзбекстан Бизнес-форумунун ачылышында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов билдирди.


С.Болотов бул маанилүү иш-чарага катышып жаткандарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Бүгүн Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу экономикалык мамилелерди чыңдоонун келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү талкууландыСиздердин жигердүүлүгүңүздөр жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгыңыздар биздин жалпы ийгилигибиздин өбөлгөсү болуп саналат, - деп белгиледи министрдин орун басары. 


Ошондой эле жакында, 2-3-майда, эки өлкөнүн премьер-министрлеринин төрагалыгы астында өкмөттөр аралык комиссиянын 11-жыйыны өткөнүн эске салды. Бул жыйында биздин өз ара мамилелерди өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер баса белгиленип, анда кабыл алынган чечимдер биргелешкен кызматташтыкты мындан ары дагы тереңдетүүгө өбөлгө болот. Биз ар кандай тармактарда олуттуу ийгиликтерди көрүп жатабыз жана бул форум — биздин амбициялуу максаттарыбызды ишке ашыруу жолундагы кезектеги кадам, -деп белгиледи С.Болотов. 


Мындан тышкары министрдин орун басары эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын чыңдоо жолундагы маанилүү жетишкендик катары Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн ачылышы болгонун билдирди. Бул өкүлчүлүк биргелешкен товарларды жана кызматтарды илгерилетүүдө, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда ишкердик байланыштарды түзүүдө негизги ролду ойнойт. 


Жакынкы арада Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н.Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапары пландаштырылууда. Эки президенттин алдыдагы жолугушуусу коңшу жана өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө жалпы эркти камтыган өлкөлөр ортосундагы достук байланыштарды чыңдоодо маанилүү учур болот. Биздин президенттер биздин алдыбызга өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү 2 мдрд. долларга жеткирүү милдетин коюшту. Бул амбициялуу, бирок аткарыла турган максат. Бул максатка жетүү үчүн биз биргелешип иштешибиз керек, колдо болгон бардык шаймандарды жана механизмдерди колдонушубуз керек. Биргелешкен аракет менен биз бул тилкеге гана эмес, андан да ашып кете алабыз деген ишенимин, - белгиледи С.Болотов. 


Жыйынтыгында министрдин орун басары эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосундагы ийгиликтүү жана жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирдиБүгүнкү форум жаңы байланыштарды түзүүгө, эки өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө боло турган келечектүү долбоорлорду жана демилгелерди талкуулоого уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. 


Маалымдама

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өзбекстан менен товар жүгүртүүсү 694,0 млн АКШ долларын түздү. 2022 – жылга салыштырмалуу 15,8% га көбөйдү, анын ичинде экспорт-290,8 млн. (өсүш 22,9%), импорт-403,2 млн. (11,2% га өсүш)2023-жылы Өзбекстанга төмөнкү товардык позицияларды экспорттоо көбөйдүазык-түлүк товарлары жана айыл чарба сырьесу: сүт азыктары 2,5 эсе, жүгөрү 2,3 эсе, башка жаңгактар 1,4 эсе, ундан жасалган кондитердик азыктар 1,4 эсе, пияз ж.б.), көмүр 1,9 эсе, кара металлдар жана алардан жасалган буюмдар 1,2 эсе,пластмассадан жасалган буюмдар 5,1 эсе,башка химиялык продуктулар 1,2 эсе ,алюминий жана андан жасалган буюмдар 7,7 эсе, жеңил унаалар жана алардын бөлүктөрү 2,3 эсе, ар кандай машиналар, жабдуулар, механикалык түзүлүштөр 1,5 эсе жолу.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу