2024-2028-жылдарга КР региондорун өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси өттү

Новости
13-Июнь 2024-ж.
1151

2024-жылдын 12-июнунда “2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасынын долбоорун” иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси болуп өттү.


Бул программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын аткаруу үчүн иштелип чыгууда.


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 17-январындагы № 4 буйругу менен                         2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.


Кеңешменин катышуучулары 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасынын иштелип чыккан долбоорун талкуулашты жана 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбооруна киргизүү үчүн сунуштарды иштеп чыгышты.


Мамлекеттик программа региондорду өнүктүрүүнү башкаруу системасынын алкагын, анын ичинде мейкиндик жана социалдык-экономикалык пландоону айкалыштырууну түзүүгө; урбанизацияланган аймактар жана өзгөчө көңүл буруу аймактары үчүн өнүктүрүүнүн башкы багыттарын белгилөөгө тийиш, алар үчүн мамлекеттик башкаруунун ар кандай деңгээлдерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жеке секторго жана жарандык коомго даректелген комплекстүү чаралар иштелип чыгат.


Кеңешме Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жана Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн өнөктөштүгүнүн катышуусу менен уюштурулду.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу