Санжар Болотов “ЕАЭБ жана анын чегинен тышкары: сооданы санариптик трансформациялоо ыкмаларын айкалыштыруу” баяндамасы менен чыгып сүйлөдү

Новости
12-Июнь 2024-ж.
784

2024-жылдын 3-июнунан 7-июнуна чейин Бангкокто (Таиланд Королдугу) өткөн БУУ ЭСКАТО кагазсыз соода жумалыгынын алкагында КР экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов параллелдүү өткөн иш-чарада “ЕАЭБ жана анын чегинен тышкары: сооданы санариптик трансформациялоо мамилелерди айкалыштыруу” баяндамасы менен чыгып сүйлөдү.


Сессияда соода ишин санариптештирүүнүн заманбап процессинин, мисалы, санариптик логистиканы жөнөкөйлөтүү, электрондук контракттарды тоскоолдуксуз колдонууну жана эсеп коюуну камсыздоо, санариптик аутентификация жана идентификация, маалыматты трансчегаралык берүүнү жөнөкөйлөтүү, санариптик товарлар менен сооданы өнүктүрүү, ошондой эле санариптик чөйрөдөгү жаңы тенденциялар жана технологиялар сыяктуу маанилүү аспектилер талкууланды.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин, Россиялык экспорттук борбордун, «QazTrade» соода саясатын өнүктүрүү борборунун, ЭСКАТО жана башкалардын өкүлдөрү катышышты.


Кагазсыз соода жумалыгынын алкагында КР экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов макроэкономикалык саясат жана өнүгүүнү каржылоо бөлүмүнүн директору Хамза Малик, ИКТ жана табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу бөлүмүнүн башчысы Тэ Хен Ким, соода, инвестициялар жана инновациялар бөлүмүнүн директору Рупа Чанда жана соода бөлүмүнүн жетекчиси Ян Дювал менен жолугушту.


Экономика жана коммерция министринин орун басарынын БУУ ЭСКАТОнун кызмат адамдары менен жолугушуусу негизги багыттар менен таанышуу жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен кызматташуунун потенциалдуу багыттарын талкуулоо максатында өткөрүлдү.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу