КМШда 2023-жылы кол коюлган кызмат көрсөтүүлөрдү эркин сатуу, уюштуруу, ишмердүүлүк жана инвестицияларды жүзөгө ашыруу жөнүндө Макулдашуу күчүнө кирди

Новости
12-Июнь 2024-ж.
817

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде (КМШ) 2023-жылы кол коюлган кызмат көрсөтүүлөрдү эркин сатуу, уюштуруу, ишмердүүлүк жана инвестицияларды жүзөгө ашыруу жөнүндө Макулдашуу күчүнө кирди. 



Бул этаптагы макулдашуу Беларусь, Кыргызстан жана Тажикстанды камтыйт. Армения, Казакстан, Россия, Өзбекстан үчүн Макулдашуу аны ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор аткарылганына жараша иштей баштайт. 


Макулдашуу кол койгон өлкөлөрдүн кызмат көрсөтүү, өнөр жай жана айыл чарба секторлоруна жетишүүнүн ачык-айкын жана туруктуу шарттарын түзүүгө; КМШнын алкагында соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган


Макулдашууну ишке ашыруу КМШда кызмат көрсөтүүлөрдүн соодасынын көлөмүн 25га жогорулатууга мүмкүндүк берери күтүлүүдө


Эскерте кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу, ишмердүүлүк жана инвестицияларды ишке ашыруу боюнча эркин соода келишимине 2023-жылдын 8-июнунда Сочи шаарында Өкмөт башчылар кеңешинин отурумунда кол коюлган.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу