Ысык-Көл жана Нарын облустарында социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча окутуу болуп өттү

Новости
11-Июнь 2024-ж.
740

Ысык-Көл жана Нарын облустарынан келген 400дөн ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер "Санарип Аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасынын (АМС) маалыматтарын пайдалануу менен жаңы форматта социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча окуудан өтүштү.


2024-жылдын апрелинен июнуна чейин Нарын облусунун 5 районунун жана 27 айылдык аймагынын, ошондой эле Ысык-Көл облусунун 5 районунун жана 22 аймагынын өкүлдөрү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуу боюнча окуудан өтүштү. Катышуучулардын арасында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, Жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жергиликтүү жамааттардын активдүү өкүлдөрү болушту. 


Окутуу КР Ээкономика жана коммерция министрлигинин жетекчилиги алдында жана КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (ГАГСМСУ) менен координацияда өткөрүлдү. Тренингдер 2024-жылы КР Экономика жана коммерция министрлигинин жана ГАГСМСУнун буйруктары менен бекитилген райондорду, шаарларды жана айылдык аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуунун жаңы методологияларына ылайык өткөрүлдү. 


Бул методологиялардын максаты - “Санарип Аймак” АМС маалыматтарына негизделген социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын натыйжалуу жана бирдей даярдоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана райондук мамлекеттик администрацияларга инструментарий берүү. 


Нарын жана Ысык-Көл облустарында окутуу курстарын өткөрүү стратегиялык пландаштыруу жана өнүктүрүү жаатында жергиликтүү бийлик органдарынын жана жамааттардын компетенцияларын күчөтүүгө карай маанилүү кадам болуп калды. Бул тренингдер социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын пландаштыруу жана ишке ашыруу сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде региондорду туруктуу өнүктүрүүгө жана алардын калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт. 


Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык облустарындагы жергиликтүү жамааттардын активисттери үчүн окутуу 2024-жыл бою улантылат. 


Окутуу курстары Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы тарабынан колдоого алынып уюштурулган

Дүйнөлүк банктын Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланган “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу программасын ишке ашыруунун алкагында

Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоорунун

Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен өз программасын ишке ашырып жаткан Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча Башкарууну өнүктүрүү үчүн өнөктөштүгү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу