Кыргызстан БУУ ЭСКАТО Азия-Тынч океан аймагындагы чек ара кагазсыз Соодага көмөктөшүү боюнча Кеңештин Төрагасы болуп шайланды

Новости
11-Июнь 2024-ж.
863

2024-жылдын 3-июнунан 7-июнуна чейин Бангкокто (Таиланд Королдугу) БУУнун ЭСКАТО алкактык келишиминин Туруктуу комитетинин жана Кеңешинин 3-сессиясы болуп өттү. Комитеттин 3-сессиясы предметтик талкууга жана техникалык деталдарга, ошондой эле жумушчу топтун ишине сереп салууга арналды. Кеңеште алкактык макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү каралып, мындан аркы аракеттер боюнча стратегиялык чечимдер кабыл алынды. 


Кеңеште Кыргыз Республикасынын атынан Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов билдирүү жасадыӨз баяндамасында C.Болотов белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Азия-Тынч океан регионунда кагазсыз соода жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашууга кошулушу менен 2023-жылдын декабрында мамлекеттик органдарда өздөрүнүн санариптик өнүгүүсүн активдештирүү жана ДСУнун соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жөнүндө макулдашуусун ишке ашыруунун экинчи этабына өтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Министрдин орун басары ошондой эле Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жаатында жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө кыскача айтып берди. 


Кагазсыз соода боюнча Кеңештин 3-сессиясында Кыргыз Республикасы БУУнун ЭСКАТО Азия-Тынч океан аймагындагы чек аралык кагазсыз Соодага көмөктөшүү жөнүндө алкактык макулдашуунун Кеңешинин Төрагасы болуп шайлангандыгын белгилей кетүү зарыл.


Алкактык макулдашуу Кеңешинин Төрагалыгына Кыргызстандын шайланышы соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жаатында эл аралык ченемдерди жана стандарттарды илгерилетүү процессинин активдүү жана жоопкерчиликтүү катышуучусу катары анын ролун таануу болуп саналат. 


Алкактык макулдашуу Кеңешинин Төрагасынын орун басарлыгына Тимор-Лесте шайландыТуруктуу комитеттин жана Кеңештин ишине төмөнкү мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү катышты: Азербайжан, Бангладеш, Иран (Ислам Республикасы), Кытай, Кыргызстан, Монголия, Корея Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан, Тимор-Лесте, Түркмөнстан жана Филиппин.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу