Ислам Өнүктүрүү Банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелери каралды

Новости
11-Июнь 2024-ж.
852

2024-жылдын 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Бакетаев Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жассер менен Кыргыз Республикасына визитинин алкагында жолугушуу болуп өттү.


Аталган жолугушууда Ислам Өнүктүрүү Банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелери каралды. Ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жакырчылыкты кыскартуу, ипотекалык насыялоо, энергетика, тактап айтканда ЭКБ жана логистикалык борборлорду куруу жаатындагы маселелер талкууланды.


Өлкөнүн энергетикалык секторун өнүктүрүүгө, тактап айтканда "Камбар-Ата ГЭС-1"курулушуна көп көңүл бурулду.


Ислам Өнүктүрүү Банкы ЭКБ, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин, ошондой эле каржылоо маселелерин кароого даяр экендигин билдирди.


Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу