2024-жылдын январь-май айларына карата Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө кыскача экспресс маалымат

Новости
11-Июнь 2024-ж.
1226

2024-жылдын январь-май айларындагы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жалпысынан экономикалык өсүштүн оң динамикасын көрсөттү жана жыл башынан бери туруктуу оң динамикасын көрсөттү.  


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2024-жылдын январь-май айларында ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 443,9 млрд. сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 108,1 %ды (2023-жылдын январь-майында  – 101,7 %) түздү.


Иш жүзүндө экономиканын бардык тармактарында оң динамика байкалып, көрсөткүчтөр төмөнкүдөй: курулушта өндүрүштүн көлөмү 51,6% га, тейлөө чөйрөсүндө – 7,3 %га, өнөр жайда – 2,9 %га, айыл чарбасында – 2,5%га өстү.


2024-жылдын январь-май айларындагы экономикалык өсүш, негизинен, курулуш жана кызмат көрсөтүү секторлорундагы көлөмдөрдүн көбөйүшү менен шартталган.


Өнөр жай продукциясын дүң өндүрүүнүн көлөмү январь-май айларында 195,0 млрд сомду түздү жана 2,6 %га көбөйдү (2023-жылдын январь-майында өсүш 0,6 %ды түзгөн). 


Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн 2023-жылдын январь-майына салыштырмалуу өсүшү тазаланган мунайзат продуктуларын 55,7 %га, жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин – 26,6 %га, тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн – 21,6 %га, текстиль өндүрүшүнүн, кийим-кече – 15,9 %га, фармацевтикалык – 14,2 %га жана химиялык продукцияларды – 12,8 %га, ошондой эле резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн көлөмүнүн – 8,1 %га көбөйүшү менен камсыздалды.   


Муну менен бирге негизги металлдарды өндүрүүнүн 6,8 %га, ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун 7,5 %га  көлөмүнүн төмөндөшү белгиленди. 


Электр энергиясы, газ, буу менен камсыз кылууда 2024-жылдын январь-май айларында өндүрүштүн көлөмү 26,9 млрд сомду түздү жана 6,4 %га көбөйүшү, электр энергияны өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүүнүн 4,7 %га өсүшү менен камсыздалды.


Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки заттарды алуунун көлөмүнүн 23,7 %га көбөйүшү негизинен сууну чогултуу, иштетүү жана бөлүштүрүүнүн өсүшү 3,5 %га менен шартталды.


Өнөр жай өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө салым 0,5 пайыздык пунктту түзгөн. ИДП өндүрүшүнүн структурасында өнөр жайдын үлүшү 17,7 %ды түздү.


2024-жылдын январь-май айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 73,2 млрд. сомду түздү. 2023-жылдын ушул мезгилинин деңгээлине салыштырмалуу реалдуу өсүш темпи 102,5 %ды түздү. 2023-жылдын январь-майына салыштырмалуу айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү өсүмдүк өстүрүүнү 4,7 %га, ал эми мал чарба продукциясын өндүрүүнү – 2,0 %га көбөйтүү менен камсыз кылынды.


Айыл чарба өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө салым 0,1 пайыздык пунктту түзгөн. ИДПнын түзүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 5,3 %ды түздү.

2024-жылдын январь-майынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 54,1 млрд. сомду түзүп, 51,6 %га өстү (2023-жылдын январь-майында 4,5 %га өскөн). 


2023-жылдын январь-майына салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү ички каржылоо булактарынын 58,1 %га, тышкы каржылоо булактарынын 46,9 %га өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.   


Негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү айыл чарба, токой чарба жана балык уулоочулук, пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу, дүң жана чекене соода, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, маалымат жана байланыш, кыймылсыз мүлк операциялары, мамлекеттик башкаруу жана коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, искусство, көңүл ачуу жана эс алуу объекттеринин курулушунда, ошондой эле турак жай курулушунда белгиленди.


2024-жылдын январь-майында инвестициялардын негизги көлөмү (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 86 %дан ашыгы пайдалуу кендерди казуу, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), иштетүү өндүрүшү, билим  берүү объекттеринин курулушуна, ошондой эле турак жай курулушуна багытталды.


Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2024-жылдын январь-майында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 54,0 млрд сомду түзүп,
 51,6 %га өстү (2023-жылдын январь-майында 4,5 %га өскөн).


2024-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча тейлөө тармагынын дүң продукциясынын көлөмү 358,1 млрд. сомду түзүп,
 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,3 %га өстү.


Кызмат көрсөтүүчү экономика секторлорунун структурасында эң чоң үлүштү дүң жана чекене соода - 27,6 %ды, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр - 9,3 %ды жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтары - 11,9 %ды ээлейт.


2024-жылдын январь-май айларында дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү 98,8 млрд. сомду түзүп, өсүү темпи 117,1 %ды түздү. Дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жүгүртүүлөрүнүн 2023-ж. январь-майына салыштырмалуу өсүшү негизинен дүң – 34,6 %га жана чекене сооданын – 11,2 %га көлөмүнүн өсүшү менен камсыздалды.


2024-жылдын январь-май айларында мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 11,3 млрд сомду түзүп, 18,7 %га өстү.


ИДПны түзүүгө тейлөө чөйрөсүнүн салымы 3,9 пайыздык пунктка бааланып, ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндөгү үлүшү 51,7 %ды түздү.


2024-жылы Кыргыз Республикасында инфляциялык процесстердин басаңдашы байкалды. Керектөө бааларынын индекси 101,6 %ды түздү (2024-жылдын январь-май айлары өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жана дээрлик 2,7 эсеге жайлады, анткени 2023-жылы ушул эле көрсөткүч 104,3 %ды түзгөн. Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2024-жылдын январь-майына карата 2023-жылдын январь-майына карата) 105,2 %ды түздү (2023-жылдын январь-майына карата 2022-жылдын январь-майына карата 113,2 %).


Баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки азыктарына - 4,8 %га, азык-түлүк эмес товарларга - 1,5 %га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 0,4 %га жана калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 3,5 %га жогорулады.


Бул мезгилде жаңы бышкан жемиштердин (13,0 %га), картошканын (8,6 %га), туздун (6,1 %га), балыктын (5,3 %га), жогорку сорттогу буудай унунун (3,5 %га), алкоголсуз суусундуктардын (3,4 %га), сырдын (2,9 %га), орто дандуу күрүчтүн (2,3 %га) жана жаңы союлган эттин баалары (1,4 %га) эң көп кымбаттаган. Муну менен катар, жаңы бышкан жашылчалардын (10,9 %га), гречка акшагынын (9,7 %га), куюлуп сатылуучу сүттүн (6,9 %га), өсүмдүк майынын (3,9 %га), малдын тоң майынын (3,6 %га), уйдун боорунун (3,2 %га), кумшекердин (0,6 %га) жана жумуртканын бааларынын (0,3 %га) төмөндөшү катталды. 


Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2024-жылдын январь-апрель айларында 34 391 сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,7 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 6,0 %га өстү.


2024-жылдын январь-апрелинде өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.

Алардын эң олуттуу жогорулашы башка тейлөө ишмердигинде 41,8 %га, дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо – 35,5 %га, курулуш – 31,7 %га,  суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу – 29,7 %га,  пайдалуу кендерди казуу – 25,2 %га, кыймылсыз мүлк операциялары – 23,2 %га, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик – 22,4 %га, ошондой эле транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо чөйрөлөрүндө – 18,2 %га байкалды.


2024-жылдын январь-апрель айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 5,2 млрд. АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 27,7 %га өстү. Мында, соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү - 14,7 %ды, импорттуку - 85,3%ды түздү.


Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында 2023-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмүнүн өсүшү экспорттук жөнөтүүлөрдүн жана импорттук келип түшүүлөрдүн көбөйүшү менен камсыз болду.


Кыргыз Республикасынын экспорттук берүүлөрү 2023-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 19,7 %га көбөйүп, 0,8 млрд. АКШ долларын түздү.


Кыргыз Республикасына импорттолгон товарлардын көлөмү 4,4 млрд. АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 29,2 %га өстү.


ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2024-жылдын январь-апрелинде 1,4 млрд. АКШ долларына жакындап, 2023-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 10,5 % га көбөйдү. Республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (73,7 %) жана Казакстанга (24,3 %) туура келди.

Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 3,8 млрд. АКШ долларына жакындап, 2023-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 35,4 %га өстү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу