Кыргызстан менен IFC Баткен жана Талас облустарындагы күн электр станцияларынын эки долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту

Новости
10-Июнь 2024-ж.
888

Вена ш., Австрия, 2024-жыл 10-июну – Венада өтүп жаткан Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумдун алкагында, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Экономика жана коммерция министрлиги Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) менен күн электр станцияларынын эки долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту. Жаңы электр станцияларды Баткен жана Талас облустарында жайгаштыруу мүмкүндүгү каралууда.


Макулдашуу электр энергиясына болгон өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн энергиянын кайра жаралуучу потенциалын пайдаланууну көбөйтүү максатында долбоордун бир нече этаптарын өткөрүү аркылуу жалпы кубаттуулугу 500 МВтга чейинки күн станциялары паркын өнүктүрүү боюнча өкмөт менен IFC биргелешкен долбоордун уландысы болуп саналат.


Бул кызматташуунун биринчи этабында Кыргыз Республикасына Нарын облусунун Кочкор районунда 100-150 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын пилоттук долбоорун комплекстүү талдоо жана түзүмдөштүрүү боюнча колдоо көрсөтүп, азыркы учурда жеке инвесторду тартуу үчүн эл аралык сынак өткөрүүгө жардам берип жатат. Жарыяланган сынактын алкагында эл аралык 4 ири компания катышууга арыз берди. Учурда квалификациялуу талапкерлердин тизмесин аныктоо үчүн баалоо жүрүп жатат. Сынактын кийинки этабы жакынкы апталарда башталат деп күтүлүүдө.


Энергетика министрлиги жана Экономика жана коммерция министрлиги, IFC колдоосу менен КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, МЖӨ борбору жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК менен тыгыз кызматташтыкта, күн электр станцияларын куруу жана пайдалануу үчүн жеке сектордун тажрыйбасын жана капиталын тартуу максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) модели боюнча долбоорду түзүшөт. Бул экинчи раунд Баткен жана Талас облустарында кубаттуулугу 100-150 МВт болгон эки күн электр станциясын камтыйт деп күтүлүүдө.


Долбоор Кыргыз Республикасында электр энергиясын ички өндүрүүнү көбөйтүүгө, электр менен жабдуу булактарын диверсификациялоого жана парник газдарын чыгарууну кыскартууга көмөк көрсөтөт. Долбоор Дүйнөлүк банктын көмөгү менен иштелип чыккан жана жакынкы жылдарда 1500 МВт кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүүнү камтыган Кыргыз Республикасынын Энергетика секторун 2035-жылга чейин өнүктүрүү боюнча стратегияга ылайык келет. Бул олуттуу гидроэнергетикалык ресурстарды колдонууну гана эмес, күн энергиясынын потенциалын өнүктүрүүнү да талап кылат. Мындан тышкары, тажрыйба тартуу жана жеке сектордун капиталын тартуу бул милдеттерди аткаруу үчүн зарыл.


Транзакциялык кеңешчи катары IFC өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө изилдөө жүргүзүүгө, өлкөлөрдүн муктаждыктарына эң жакшы жооп берген жана инвесторлор үчүн жагымдуу долбоорлорду түзүүнүн ар кандай варианттарын баалоого жардам берет. Ошондой эле IFC өкмөттөргө квалификациялуу жеке өнөктөштү аныктоо үчүн ачык сынак өткөрүүгө жардам берет. Адатта, IFC консультациялык колдоосу, мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы долбоордук келишимдерге кол коюлгандан кийин аяктайт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу