КР ЭКМ: Жеңил өнөр жай тармагынын өзгөчөлөнгөн өкүлдөрү сыйланды

Новости
07-Июнь 2024-ж.
849

Июнь айынын биринчи жекшембисинде өлкөнүн жеңил өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү белгиленет.
 
 Республикада жеңил өнөр жайынын көлөмүнүн өсүшүнө өз салымын кошуп жаткан бир катар тигүү, трикотаж ишканалары жана тери кайра иштетүү ишканалары ийгиликтүү иштеп жатат. Дал ушул тармактын кызматкерлеринин аркасынан жеңил өнөр жай өлкөнүн экономикасында алдыңкы орунду ээлейт жана «Made in KG» бренди менен республиканы таанышат.
 
 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча тармакта 16,4 млрд сом суммасында продукция иштелип чыгып, өсүшү 120% түздү.
 
 КР ЭКМде Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара өттү. 


Анда министрдин орун басары Назар Малаев жеңил өнөр жай кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен министр Данияр Амангельдиевдин атынан куттуктап, бул тармактын өзгөчөлөнгөн өкүлдөрүн сыйлыктарды тапшырды.
 
 КР ЭКМ министри Данияр Амангелдиевдин Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосунун тексти:
 
 

“Урматтуу жеңил өнөр жай кызматкерлери жана ардагерлери!


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан бардык жеңил өнөр жай кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!


Жеңил өнөр жай өзгөчө көңүл бурууга арзыйт, анткени ал салттуу жана заманбап технологияларды бириктирип, сапаттуу жана функционалдык экспортко багытталган өнүмдөрдү жаратат. Сиздердин эмгегиңиздер аркасынан жеңил өнөр жай продукциясы суроо-талапка ээ жана дүйнө жүзүнө белгилүү.


Тармактын эмгекчилеринин ишине жоопкерчиликтүү жана чыгармачыл мамилеси жеңил өнөр жайдын артыкчылыктуу жана социалдык жактан маанилүү тармак болушуна шарт түздү. Республикада жеңил өнөр жайынын көлөмүнүн өсүшүнө өз салымын кошуп жаткан бир катар тигүү, трикотаж ишканалары ийгиликтүү иштеп жатат. Дал ушул тармактын кызматкерлеринин аркасынан жеңил өнөр жай өлкөнүн экономикасында алдыңкы орунду ээлейт жана республиканы «Made in KG» бренди менен таанышат.


2023-жылдын жыйынтыгы боюнча тармакта 16,4 млрд сом суммасында продукция иштелип чыгып, өсүшү 120% түздү.


Электрондук коммерция рыногу активдүү өнүгүүдө, анда биздин республиканын продукциясы маркетплейстердин онлайн аянтчаларында алдыңкы позицияларга кирет.

Жогорку атаандаштык шартында, жеңил өнөр жай ишканалары, ири жана кичине, керектөө рыногундагы өзгөрүүлөргө активдүү жооп берүүгө, сатып алуучунун суроо-талабына багыт алууга, ассортиментти өзгөртүүгө, ошондой эле акыркы технологияларды киргизүүгө туура келет. 


Тигүү өндүрүшүндө заманбап логистикалык жана технологиялык чечимдер колдонулат. Кыргызстандын тигүү өндүрүшү коңшу мамлекеттердин рынокторунда өзүнүн позициясын бекем ээлейт. Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин талыкпаган эмгеги бул тармакты алдыңкы орунга чыгарууга мүмкүндүк берди.


Мамлекеттин колдоосу менен Сиздер тараптан республиканын региондорунда ишканаларды ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө, бул жергиликтүү калктын жумуштуулук деңгээлин жогорулатууга жана продукция өндүрүүнүн көлөмүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.


Жеңил өнөр жайынын экспортко багытталган артыкчылыктуу тармагын мамлекеттик колдоонун маанилүү механизмдеринин бири жеңилдетилген салык салуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө системасы болду, ишкерлерге тигүү продукциясын өндүрүүнү турукташтырууга жана экспорттук рыноктордо атаандаштык артыкчылыктарын сактоого мүмкүндүк берди.


Министрлик тарабынан ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалын колдоо максатында өнөр жай ишканаларына жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларга катышууга көмөк көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, логистикалык маселелерде каржылык колдоо жана көмөк көрсөтүлөт.


Сиздердин чеберчилигиңиздердин, өжөрлүгүңүздөрдүн жана талантыңыздпрдын артынан тармак мындан ары да динамикалуу өнүгүп, өзүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, өндүрүш технологиясын өркүндөтүп жана продукциянын көлөмүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатат деп ишенем.


Эмгегиңиздер үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиремин, чың ден-соолук, бакыт жана бакубат жашоо тилектерин кабыл алыңыздар. Сиздерге ийгилик каалаймын!”


Министри                                                                              Д.Дж.Амангелдиев





Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу