КР ЭКМ: Японияга ата мекендик продукциясынын экспортун көбөйтүүгө аракеттер көрүлөт

Новости
05-Июнь 2024-ж.
1431

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Япониянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик катчысы, Тышкы иштер министрлигинин улук вице-министри Цудзи Киёто. менен жолугушту. С.Болотов өзүнүн куттуктоо сөзүндө Ц. Киетонун сапары Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө оң импульс берет деген ишенимин билдирди. 


Өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданын өсүшүнүн оң темпин баса белгиледи, ошол эле учурда ал катышуучулардын көңүлүн япон рыногуна кыргыз продукциясын жеткирүүнүн көлөмүнүн аздыгына бурду. Колдо болгон потенциалды эске алуу менен С.Болотов Кыргыз органикалык продукциясын Японияга экспорттоону өнүктүрүүгө күч-аракетти жумшоону сунуштады. 


Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап экспорттук потенциалды өнүктүрүү жана атамекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн түзүлгөн КР МЭК алдындагы "Кыргыз Экспорт" борборун сунуштады. 


Өз кезегинде Япониянын мамлекеттик катчысы Кыргыз-Япон мамилелеринин өнүгүшүндөгү олуттуу жылыштарды белгиледи, буга Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2023-жылдын ноябрында Японияга болгон сапары түрткү болду. Ал маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында кызматташуунун маанилүүлүгүн жана КР Президентинин иш сапарынын жүрүшүндө кол коюлган Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы менен “Билим капиталы” ассоциациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун маанилүүлүгүн баса белгиледи. 


ЦКиёто IT-компаниялардын ийгиликтүү өз ара аракеттенүүсү инвесторлорду тартуу үчүн маанилүү документ болуп саналган инвестицияларды коргоо жана колдоо жөнүндө макулдашууну түзүүгө негиз түзөөрүнө ишеним билдирди. 


Тараптар комплекстүү экономикалык кызматташтык үчүн келишимдик укуктук базаны өнүктүрүү, анын ичинде кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуунун долбоорун түзүү боюнча иштерди талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу