КР ЭКМ башчысынын орун басары Болгария-Азербайжан соода-өнөр жай палатасынын төрагасы менен жолугушту

Новости
04-Июнь 2024-ж.
1302

2024-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов менен Болгария-Азербайжан соода-индустриалдык палатасынын төрагасы Димитар Братанов эки өлкөнүн бизнес коомчулугу менен кызыкдар мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты аныктоо маселелери боюнча жолугушту.


Жолугушууга Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун теңтөрагалары – Алмаз Мамбетов жана Игбал Бабаев, ошондой эле Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматынын, Соода-өнөр жай палатасынын, Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунун, КР ЭКМ караштуу Туризм департаментинин, Бишкек штамптоочу заводунун өкүлдөрү катышышты.


Министрдин орун басары С.Болотов Д.Братанов мырзага Кыргыз Республикасына жасаган иш сапары үчүн, ошондой эле Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы соода жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле Болгария менен кызматташуу үчүн жаңы ишкер мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-индустриалдык палатаны Бишкек жана София шаарларындагы өкүлчүлүктөрү менен каттоо сунушу айтылды. Мындан тышкары, эки тараптуу товар жүгүртүүнү кеңейтүү, кызматташуу жана өз ара кызыкчылык продуктыларын бириктирүү, туризм тармагындагы маселелер, баалуу металлдарды казууга концессия үчүн шарттар жана мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле Кыргызстан-Европа транспорттук коридорлорун изилдөө маселелери талкууланды.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу