Эр-Риядда өткөн “GCC-Central Asia Investment Forum” инвестициялык форумуна активдүү катышуу жөнүндө

Новости
03-Июнь 2024-ж.
1291

2024-жылдын 29-майында Эр-Рияд, Сауд Аравия Королдугу, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы “Адал-индустрияны өнүктүрүү боюнча борбор мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Алмаз Үсөнгул уулу "Перс булуңу жана Борбордук Азия өлкөлөрү (GCC-Central Asia Investment Forum) инвестициялык форумуна катышты. Форум региондор ортосундагы экономикалык кызматташтыктын келечегин жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо үчүн алдыңкы инвесторлорду, ишкерлерди жана мамлекеттик ишмерлерди чогултту.


Форумдун алкагында “Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу тармактык секциялык жыйынында "КРдагы эт адал паркыдолбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси сунушталды. Бул амбициялуу долбоор адал эл аралык стандарттарына жооп берген заманбап эт иштетүүчү комплексти түзүүгө багытталган. Долбоордун негизги максаттарына эт азыктарынын сапатын жакшыртуу, экспорттук потенциалды жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү кирет.


КРдагы эт адал паркы долбоору өзүнө жаңы технологиялар менен жабдылган алдыңкы өндүрүштүк комплексти курууну жана өндүрүштүн бардык этаптарында сапатты контролдоо системасын киргизүүнү камтыйт. Долбоор ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүүнү жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү карайт.


Форумда Перс булуңундагы потенциалдуу инвесторлор менен жемиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, бул долбоорго болгон кызыгуунун жана анын ийгиликтүү ишке ашырылышына ишенимдин жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Инвестициялык фонддордун жана жеке компаниялардын өкүлдөрү долбоорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.


Маалымдама:

Чыгыш инвестициялык форуму Перс булуңу менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык жана инвестициялык байланыштарды бекемдөө максатында өткөрүлүүдө. Форумдун негизги максаттары: инвестицияларды тартуу, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, технологиялык жана инновациялык алмашуу, инфраструктураны жана логистиканы өнүктүрүү, социалдык жана маданий кызматташтык, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу