КР ЭКМ жана “Синьцзян корпорациясы Xing Long” ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

Новости
03-Июнь 2024-ж.
1320

31-май 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кытай Эл Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү JIA Бизнес Ассоциациясы юридикалык жактар бирикмесинин көмөгү менен Ачык акционердик коом “Синьцзян корпорациясынын Xing Long” бизнес-делегациясынын Бишкек шаарына иш сапарын уюштурду.


Сапардын алкагында делегация КР ЭКМ министринин орун басары Назарбек Малаев менен жолугушту. Кытай тарап корпорация Үрүмчү шаарында өнөр жайдын ар кандай илимий-инновациялык парктарын курууга адистешкенин маалымдады. Учурда корпорация Үрүмчү шаарындагы жалпы аянты 300,000 чарчы метрден ашык Xing Long” индустриалдык паркынын ээси болуп саналат, анда 200дөн ашык ири жана орто компаниялар иштейт. Жылдык салык салымы 100 миллион юандан ашат жана кызматкерлердин саны 6000ден ашат.


Мындан тышкары, кытай тарап Кыргыз Республикасынын аймагында индустриалдык парк курууга кызыкдар экендигин билдирди. Бул чаралар өз ара инвестицияларды тартууга, өнөр жайды модернизациялоого жана эки өлкөнүн ортосундагы инновацияларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.


Министрдин орун басары Н. Малаев белгилегендей, кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын аймагында индустриалдык парк куруу ниетин кубаттайт жана аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн бардык зарыл колдоо көрсөтүүгө даяр. Ошондой эле ал эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен өнөр жай ишканаларын ачууну сунуштады.


Ошондой эле министрликтин имаратында эки тараптуу кызматташууну дыкат талкуулоо үчүн бизнес-делегация өкүлдөрүнүн жана кыргыз ишкерлеринин B2B-жыйындары уюштурулду.


Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ЭКМ менен Синьцзян корпорациясы Xing Long” ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул Меморандумдун максаты Кыргыз Республикасынын аймагында индустриалдык паркты түзүү жана эки өлкөнүн аймактарында бонд-кампаларын түзүү болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу