Аялдардын ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган жеңилдетилген каржылоого жетүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштер улантылат

Новости
31-Май 2024-ж.
1185

2024-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында министрдин орун басары Айнура Усенбекованын, Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиеванын, Динара Ашимованын, мамлекеттик органдардын, банк секторунун, аялдар бизнес – ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн, ишкер аялдардын, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана финансылык жеткиликтүүлүк жаатындагы эксперттердин катышуусунда “Ишкер аялдардын мамлекеттик жеңилдетилген каржылоого жеткиликтүүлүгү темасында тегерек стол болуп өттү.


Иш - чаранын максаты – ишкер аялдар үчүн мамлекеттик зайымдардын механизминин натыйжалуулугун баалоо боюнча изилдөөнүн жыйынтыктарын сунуштоо жана талкуулоо, ошондой эле финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүккө тиешелүү башка маселелерди кароо.


Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү жана колдоо жана гендердик зомбулукту азайтуу боюнча Коалициянын мүчөлөрү тарабынан каржылоого жетүүдө туш болгон негизги көйгөйлөрдү жана тоскоолдуктарды аныктоо, ошондой эле мамлекеттик колдоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында жүргүзүлгөн “Ишкер аялдар үчүн мамлекеттик зайымдардын механизминин натыйжалуулугун баалоо изилдөөлөрү менен таанышышты.


Изилдөөгө ошондой эле Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген ишкер айымдар, мамлекеттик органдардын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты. Тактап айтканда, ар кандай изилдөө ыкмалары, анын ичинде онлайн анкета, терең интервью жана мамлекеттик жана коммерциялык программалардын маалыматтарын талдоо колдонулган.


Иш-чарада изилдөөнүн негизги жыйынтыктары, аларды практикалык колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштар сунушталып, талкууланды.


Ошондой эле изилдөөнүн алкагында мамлекеттик зайымдарды алууда ишкер аялдар туш болгон көйгөйлөр аныкталды, алар катышуучулардын талкуусунун предмети болуп калды, алардын ичинде: жеткиликтүү программалар жана аларды алуу шарттары жөнүндө маалыматтын жетишсиздиги; зайымдарды тариздөөнүн татаал жана бюрократиялык жол-жоболору; күрөөлүк камсыздоого карата жогорку талаптар; финансылык сабаттуулуктун жетишсиз деңгээли.


Мындан тышкары, тегерек столдо ишкер аялдардын мамлекеттик финансы ресурстарына региондор деңгээлинде жеткиликтүүлүгү (жергиликтүү бюджеттерди, региондук өнүктүрүү фонддорун, дем берүүчү гранттарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү) маселелери талкууланды.


Жалпысынан, изилдөөнүн жыйынтыктарын эске алуу менен Министрлик коалиция жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенип, ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган аялдардын жеңилдетилген каржылоого жетүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштерди улантат, анын ичинде: карыз алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана күрөөгө талаптарды төмөндөтүү; ишкер аялдар үчүн атайын кредиттик продуктуларды иштеп чыгуу; билим берүү программалары жана консультациялар аркылуу аялдардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу; колдоонун жеткиликтүү программалары жөнүндө маалыматтык ишти күчөтүү.


Аталган тегерек стол КР ЭКМ эгидасы алдында “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу долбоорунун жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча тийиштүү Консультативдик кеңештин ишинин алкагында өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу