Кыргызстан менен Малайзия адал индустрия жаатындагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдө

Новости
31-Май 2024-ж.
1080

2024-жылдын 28-29-майында Куала-Лумпурда Ислам экономикасы жана финансы боюнча глобалдык форумдун аянтчасында Кыргыз Республикасынын делегациясынын Малайзиянын финансы, туризм, искусство жана маданият министрлигинин жетекчилери менен жолугушуулары болуп өттү.


Делегацияны Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев жетектеди.


Малайзиянын каржы министри Амир Хамза Азизан менен жолугушууда тараптар каржы тармагындагы кызматташтыкты, анын ичинде ислам каржылоо принциптерин талкуулашты.


Ошондой эле КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Адал-индустрияны өнүктүрүү боюнча борбордун директору Алмаз Кайырбеков Малайзиянын Ислам өнүктүрүү департаментинин башкы директору Датин Падука ажы Халима бинти Мохд Юсофф, адал-индустрияны өнүктүрүү боюнча Корпорациянын коммерциялык директору Хайрол Арифейн Бин Сахари жана Ислам туризм борборунун башкы директору Нирзан Нурдин менен Малайзия тараптын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.


Өткөрүлгөн жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, адал индустрия тармагында кызматташууну өнүктүрүү, соода, туризм, айыл чарба ж. б. чөйрөлөрүнө инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулашты.


Туризм, тамак-аш жана жеңил өнөр жайы, банк чөйрөсү, билим берүү, парфюмерия, косметика, фармакология чөйрөсүндө адал ченемдик укуктук актыларды жана стандарттарды киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле биздин өлкөлөрдүн керектөөлөрүнө жана талаптарына жооп бере турган продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу жана сертификациялоо маселелери негизги көңүл бурулду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу