КР ЭКМ: Казакстанга импорттук бажы алымынын төмөндөтүлгөн ченин колдонуу менен алып келинген товарлар жана транспорт каражаттары анын аймагында гана пайдаланууга тийиш

Новости
30-Май 2024-ж.
880

2024-жылдын 29-майындагы пленардык жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д. Бекешевдин, А. Б. Кенжебаевдин жана Н.О. Сыдыгалиев тарабынан айтылган, 16.10.2015-ж. “ЕАЭБ бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө” протоколунун жоболоруна ылайык (Бурабай протоколу), Казакстан Республикасында мурда бажылык тариздөөдөн өткөн автотранспорт каражаттарын ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына алып келүүнүн тартиби жөнүндө.


Казакстан Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгүнүн алкагында тарифтик милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу максатында, “ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө” Протоколдун 3-беренеси менен 2015-жылдын 16-октябрында (ссылка https://www.alta.ru/tamdoc/15bn0060/),


Казакстан Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн алынып келинүүчү товарларга карата импорттук бажы алымдарынын төмөндөтүлгөн коюмдарын колдонуу жана аларды бажы жол-жоболоруна киргизүү белгиленген. Бул Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге ылайык, Бажы бирлигинин Бажы кодексинде каралган.


Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2015-жылдын 14-октябрындагы №59 чечими менен Казакстан Республикасы аларга карата ДСУнун алдындагы милдеттенмелерине байланыштуу импорттук бажы алымдарынын коюмдарын ЕАЭБ Бирдиктүү бажы тарифи менен аныкталган импорттук бажы алымдарынын коюмдарына салыштырмалуу кыйла төмөн колдонгон товарлардын Тизмеси бекитилген (https://docs.eaeunion.org/docs/ru-ru/0148793/cncd_19102015_59). 


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Казакстан Республикасынын ДСУга мүчөлүгүнө байланыштуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин алдында алган негизги милдеттенмелери:

-  ушул берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды ЕАЭБдин башка мамлекеттеринин аймагына ташып чыгууга жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрүүнү камсыздоо;

-  Казакстан Республикасынын аймагында бажы декларациясынын номерлерин жана бажы декларациясы боюнча товарлардын катар номерлерин көрсөтүү бөлүгүндө тизмеге киргизилген товарларга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу;

- ЕАЭБдин башка мамлекеттерине ташылып чыгуучу тизмеге киргизилген товарларды эсепке алуунун маалыматтык системасын (электрондук эсеп – фактура) түзүү (мындан ары-эсепке алуу системасы) экендигине көңүл бурат.


Эсепке алуунун маалыматтык системасы тизмеге киргизилген жана ЕАЭБдин башка мамлекеттерине ташылып чыгуучу товарлар жөнүндө маалыматтарды ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин ставкалары боюнча ташып кирүү бажы алымдары төлөнгөн товарлар жөнүндө маалыматтар менен салыштырууну караштырууга тийиш.


Жогоруда аталган Казакстан Республикасынын милдеттенмелери 2015-жылдын 16-октябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө  протоколу менен бекитилген.


Ошол эле учурда, жогоруда аталган Протоколдо ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери тарабынан ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифи менен белгиленген коюмдар боюнча эсептелген ташып кирүү импорттук бажы алымдарынын суммаларынын жана Казакстан Республикасынын ДСУнун алдындагы милдеттенмелеринин алкагында аныкталган коюмдар боюнча төлөнгөн импорттук бажы алымдарынын суммаларынын айырмасынын өлчөмүндө импорттук бажы алымдарын андан ары төлөө мүмкүндүгүн кароо белгиленген эмес.


Ушуга байланыштуу Министрлик импорттук бажы алымдарынын төмөндөтүлгөн коюмдарын колдонуу менен Казакстан Республикасында бажы жагынан жол-жоболоштурулган товарлар жана транспорт каражаттары Казакстан Республикасынын аймагында гана пайдаланылышы керектигин маалымдайт. Бул категориядагы товарларды Бурабай Протоколунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынат.


Бул тартипти бузгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу