КР ЭКМ башчысы Армениянын Элчиси менен жолугушууда эки тараптуу экономикалык кызматташууну активдештирүү талкууланды

Новости
30-Май 2024-ж.
849

2024-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Армения Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Армен Гевондян менен жолугушту.


Министр А.Гевондян мырза менен учурашып, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Армения Республикасы менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана активдештирүүгө чоң маани берерин белгиледи.


Ошондой эле ал кыргыз-армян мамилелеринин жаңы деңгээлге чыгуусуна, эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө, соода жүгүртүүнү жогорулатууга, бизнес-коомчулуктун интеграциясын күчөтүүгө жана Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына инвестицияларды тартууга үмүтүн билдирди.


Өз кезегинде Элчи А.Гевондян өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, логистикалык жолдорду жолго салуу зарылдыгын белгиледи, бул товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыймылын тездетүүгө, ошондой эле соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Элчи ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүү жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен аракеттер эки тарап үчүн тең олуттуу пайда алып келээрине ишенимин билдирди.


Жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелерин чечүүдө тараптардын конструктивдүү мамилелери достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн негизинде бардык негизги багыттар боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүндүк берерин белгилешти.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу