Кыргыз Республикасынын ЭКМ министри жана Казакстан Республикасынын финансы министри экономика тармагындагы бир катар маселелерди талкуулашты

Новости
30-Май 2024-ж.
933

2024-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министри Данияр Амангельдиев менен Казакстан Республикасынын финансы министри Мади Такиев мырза менен жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээли белгиленип, экономика тармагындагы бир катар маселелер талкууланды.


Тараптар Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан Казакстан Республикасынын курорттук-рекреациялык объекттерин иштетүү жана реконструкциялоо маселесине өзгөчө көңүл бурушту.


Казакстан Республикасынын финансы министри М.Такиев, ошондой эле Казакстан тараптын Казакстандын Алматы облусун Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу менен байланыштырган автожолду курууга даярдыгы жөнүндө белгиледи

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу