Тегерек столдо менеджмент системасы тармагындагы акыркы иштелип чыккан жана жаңы эл аралык стандарттар жөнүндө талкуулашты

Новости
12-Ноябрь 2015-ж.
1987

2015-жылдын 12-ноябрында бизнес-түзүмдөрдүн, илимий чөйрөлөрдүн, ЖОЖдордун, министрликтердин, ведомстволордун, сертификаттоо боюнча органдардын, эл аралык уюмдардын, консультанттардын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордо Дүйнөлүк сапат күнүнө арналган тегерек стол болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Экономика министрлигинин жана СМБ жетекчилери менен адистери тарабынан Кыргыз Республикасындагы сапат көйгөйлөрү жана менеджмент системаларын өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу маселелерди, атап айтканда, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкактарындагы техникалык жөнгө салуу тармагындагы жүргүзүлгөн иштер тууралуу айтылды жана талкууланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу