КР ЭКМ соодада тарифтик жана тарифтик эмес чараларды ишке ашыруу жолу менен атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жөнүндө ачык талкуу болуп өттү

Новости
28-Май 2024-ж.
905

2024-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (КР ЭКМ) аянтчасында "Соодада тарифтик жана тарифтик эмес чараларды ишке ашыруу жолу менен ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо"темасында ачык дискуссия болуп өттү.


Дискуссиянын максаты-тышкы соода иши чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу чараларын колдонуу жолу менен тышкы соода ишинин катышуучуларына, товарларды өндүрүүчүлөргө жана керектөөчүлөргө жагымдуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулоо.


Бул дискуссияга бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу аркылуу бизнес - коомчулукту колдоо механизмдерин талкуулоо үчүн катышышты.


Дискуссиянын жүрүшүндө катышуучуларга глобалдык атаандаштык шартында ата мекендик бизнести колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу ыкмалары сунушталды. Дискуссияга эксперттик коомчулуктун, ири ишканалардын жана профилдик министрликтердин өкүлдөрү катышты.


Соода саясаты жана ДСУ бөлүмүнүн башчысы Азамат Мураталиев өз сөзүндө мамлекеттик сектор менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы конструктивдүү диалогдун маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Өз кезегинде бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү мамлекеттик органдар менен түз диалог жүргүзүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү ишкер климатты жакшыртуу үчүн мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилешти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу