Министр Д. Амангелдиев КМШ өлкөлөрүнүн энергетика тармагында 2035-жылга чейинки кызматташуу концепциясын сунуштады

Новости
27-Май 2024-ж.
1056

2024-жылдын 24-майында Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Отурумдун жүрүшүндө министр КМШга катышкан мамлекеттердин өнөр жай саясаты боюнча кеңешине төрагалык кылуунун алкагында "2035 – жылга чейинки мезгилге энергетика чөйрөсүндө КМШга катышкан мамлекеттердин кызматташуу Концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги иш – чаралар планы жөнүндө" доклады менен тааныштырды.

Министр өз баяндамасында азыркы учурда КМШга мүчө – мамлекеттердин энергетикасын трансформациялоонун алкагында алдыңкы инновациялык өнүгүү, энергетика жана өнөр жайда жаңы технологиялык чечимдерди киргизүү жүрүп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, глобалдык энергетикалык өтүү шарттарында дүйнөлүк энергетикалык рынокто КМШга катышкан мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоо маанилүү шарт болуп калууда.

Ошондой эле министр Концепцияны жана Планды ишке ашыруу Шериктештик мамлекеттеринин энергетикалык секторун сапаттуу кайра түзүүнүн жаңы масштабдуу милдеттерин чечүүгө, энергонатыйжалуу, экологиялык жактан таза, ресурстарды үнөмдөөчү жана туруктуу энергетикага өтүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Маалымдама:

Жыйындын жүрүшүндө тараптар шериктештиктеги экономикалык өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле энергетика, инфраструктураны оптималдаштыруу, эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, шайкеш улуттук телемедициналык системаларды түзүү, химиялык өнөр жай, кооптуу калдыктар менен иштөө, интеллектуалдык менчик жана башка маселелерди карашты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу