Екатеринбургдун ири соода тармагы Кыргыз Республикасынын тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөрү менен кызматташууну жөндөөнү көздөөдө

Новости
12-Ноябрь 2015-ж.
1976

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бир терезе борбору» Мамлекеттик ишканасы Россия Федерациясынын аймагына экспортту илгерилетүүнү жана өнүктүрүүнү илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында атамекендик өндүрүүчүлөрдү маалымдайт.

«Бир терезе борбору» Мамлекеттик ишканасынын дарегине Екатеринбург шаарында жайгашкан жана РФ аймагы боюнча 752 дүкөнү бар Монетка ири соода тармагынан сурам келип түштү.

Азыркы учурда ири соода тармагы Кыргыз Республикасынын тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөр менен кызматташууну узак мөөнөттүү келечекке жөнгө салууга багытталган.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу «Бир терезе борбору» Мамлекеттик ишканасы экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү боюнча бөлүмгө продукциясын РФга экспорттоону каалаган бардык өндүрүүчүлөр жана ишкерлерди толук маалымат алуу үчүн кайрылуусун өтүнөт:

+996 (312) 90 26 40, Бишкек ш., Чүй пр., 122 (4-кабат), export@trade.kg.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу