"Ынтымак" сейил багында Азия Өнүктүрүү Банкы менен кызматташуунун 30 жылдыгына карата бак-дарактарды отургузуу иш-чарасы өттү

Новости
25-Май 2024-ж.
1117

25-майда "Ынтымак" паркында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун 30 жылдыгына карата бак-дарактарды отургузуу акциясы уюштурулду.ага министрдин орун басары Санжар Болотов жана Министрликтин башка өкүлдөрү катышты. Мындан тышкары, бул иш-чарага КР Президентинин Администрациясынын, КР Финансы министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышты.


Өзүнүн куттуктоо сөзүндө АӨБ өлкөлүк кеңсесинин башчысы Чжэн Ву мырза экологияны жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү эске алуу менен Кыргызстанды туруктуу жана инклюзивдүү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө умтулгандыгын белгиледи.


Белгилей кетсек, 30 жылдык кызматташууда тараптар тарабынан ченемдик-укуктук базаны реформалоо, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, электр менен камсыздоо кызматтарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жол инфраструктурасын өнүктүрүү ж. б. сыяктуу бир катар долбоорлор ишке ашырылган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу