Жер участогун алмашуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Новости
24-Май 2024-ж.
1197

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2022-жылдын 5-августунда “Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” № 84 Мыйзамга кол коюлган. 

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Мыйзамына мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартибин жөнгө салуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзам алдындагы актыларында алмашуу келишимин түзүү жолу менен компенсация үчүн жер тилкелери түрүндөгү мамлекеттик мүлктү ээликтен ажыратуу маселеси жөнгө салынбагандыгын белгилейбиз.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун даярдалып, ошол токтом менен Мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик менчикте турган жер участогун алмашуу жөнүндө жобону бекитүү сунушталган.

Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен жеке жактардын ортосунда жер участокторун алмашуунун тартибин карайт. Ошондой эле жер тилкесин тандоо тартиби жөнгө салынат.

Ошентип, жер тилкелерин алмашууну демилгелөө боюнча ведомстволор аралык комиссиялар түзүлөт.

Конкреттүү жер участокторун алмаштыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдын ала макулдугу менен ишке ашырылат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу