Кыргызстандарт Баку шаарында стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги отурумдарына катышууда

Новости
23-Май 2024-ж.
1126

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору (Кыргызстандарт) Азербайжан Республикасынын Баку шаарында стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңештин стандартташтыруу боюнча мамлекеттер аралык техникалык комитеттеринин ишин уюштуруу боюнча жумушчу тобунун 13-отурумунун жана стандартташтыруу боюнча илимий-техникалык комиссиянын 67-отурумунун ишине катышууда

Бул отурумдардын алкагында 2030-жылга чейинки мезгилге Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңештин өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу; эл аралык кызматташтык; мамлекеттер аралык стандартташтырууну маалыматтык камсыздоо; 2023-2027-жылдарга мамлекеттер аралык стандартташтыруу боюнча иштердин артыкчылыктуу багыттарынын тизмеси; ЕЭК жана Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңештин ортосундагы кызматташтык жөнүндө маселелер талкууланат; стандартташтыруу, метрология, сапатты башкаруу жана шайкештикти баалоо (базалык уюм) жаатында кадрларды даярдоо, кесиптик кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу боюнча КМШга катышкан мамлекеттердин базалык уюмунун ишмердигинин.

Ошондой эле КР ЭКМ караштуу Кыргызстандарттын директору Болот Нурматов Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча Федералдык агенттиктин (Росстандарт) жетекчиси Антон Шалаев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында мурда берилген эталондук жабдуулардын тизмеси боюнча СМБнын метрологиялык лабораторияларын модернизациялоо; метрология жаатында Кыргызстандарттын адистерин окутуу, РФнын илимий-изилдөө институттарынын базасында сыноо методдору боюнча продукцияларды сыноо; "АРШИН" СМБнын маалымат системасын Кыргызстандарга өткөрүп берүүнүн тартибин жана негиздерин аныктоо; май куюучу станциялардагы күйүүчү май бөлүштүргүчтөрдү текшерүү/калибрлөөдө программалык камсыздоону өздөштүрүү; автоцистерналарды жана резервуарларды калибрлөө боюнча тренинг;стандартташтыруу жаатында Росстандарт менен кызматташуу.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу