Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы тренинг өттү

Новости
22-Май 2024-ж.
1018

2024-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери үчүн кезектеги коррупцияга каршы тренинг өткөрүлдү.

Министрликтин коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Назгүл Сыдыгалиева министрликте коррупциянын алдын алуу тутумун түзүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү, ал коррупциянын алдын алууга жана органда бүтүндүктү камсыз кылууга багытталган  принциптерди жана талаптарды кабыл алууга негизделген.

Стратегиялык багытта министрлик 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү планынын алкагында иш алып барууда, аны ишке ашыруу үчүн максаттуу индикатор болуп министрликке калктын ишеним индексин жогорулатуу эсептелет. Иш-чарада аталган индекстин министрлик боюнча 2012-жылдан берки, акыркы үч жылдагы анализинин жыйынтыктары, ошондой эле аймактык бөлүштүрүү боюнча кеңири каралды.

Аналитикалык бөлүктө коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу процессинин этаптары изилденген. Тобокелдиктерди талдоонун жана баалоонун жыйынтыктары боюнча Министрлик тарабынан 2024-2026-жылдарга коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча План иштелип чыккан, ал максималдуу түрдө министрликтин тигил же бул функцияларында жана иш процесстеринде камтылган коррупциялык тобокелдиктерди жоюу же азайтуу боюнча чараларды жана механизмдерди камтыйт.

Коррупцияга сабырсыздык маданиятын калыптандыруу бөлүгүндө кызмат адамдарынын этиканы сактоо, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо маселелери каралды. Мамлекеттик кызматкердин этикасы адеп-ахлактан жана этикадан башталып, жеке баалуулуктарга түздөн-түз байланыштуу экенин түшүнүү зарыл. Этикалык нормаларды сактоо, жеке жоопкерчилик жана жеке үлгү алуу принциптерин сактоо ар бир кызматкердин милдети, анткени мамлекеттик кызматкер мамлекеттин жүзү болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу