Сапат бир айлыгынын алкактарында бир катар иш-чаралар өткөрүлөт

Новости
12-Ноябрь 2015-ж.
1892

Эл аралык талаптарга ылайык республиканын масштабдарында сапатты өнүктүрүүгө салым максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор 2015-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк күнүнө туш келтирилген Сапат бир айлыгын өткөрүү боюнча Иш-чаралар планын бекитти жана ишке ашырып жатат.

Сапат бир айлыгынын алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Ошентип, СМБ адистери менеджмент системалары, сертификаттоо маселелери, атамекендик продукциянын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, продукциянын экспортуна карата талаптарды аткарууну, республиканын ЖОЖдорунда жана колледждеринде студенттер үчүн семинарларды, тегерек столдорду, ачык сабактарды өткөрүүнү камсыздоо боюнча окутуу сериялары жүргүзүлдү.

Ошондой эле СМБ адистери ар түрдүү семинарларда, конференцияларда жана башка иш-чараларда катышышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу