Басма сөз билдирүү: КР ЭКМда Евразия экономикалык биримдигинин күнүнө арналган илимий-практикалык конференция өтөт

Новости
22-Май 2024-ж.
1161

2024-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде республиканын ЕАЭБге интеграциясынын негизги жыйынтыктары жөнүндө кеңири коомчулукка маалымдоо максатында Евразия экономикалык биримдигинин күнүнө арналган илимий-практикалык конференция өтөт.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги министрликтердин, ведомстволордун, бизнес-түзүмдөрдүн, жарандык коомчулуктун өкүлдөрүн аталган иш-чарага катышууга чакырат, ал саат 9:30да Чүй проспекти, 106 (чоң зал, 3-кабат) дареги боюнча КР ЭКМ имаратында өтөт.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 29-майында Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Келишимге кол коюлганына 10 жыл толот.

Иш-чаранын программасы тиркелет.

Байланышчу адам Азамат Маматов (0555 220 205, 0312 620535 (+5069), trade322@gmail.com.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу