Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда асфальтты өндүрүү жана туура пайдалануу боюнча тажрыйба алмашуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрүлдү

Новости
21-Май 2024-ж.
1080

Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Түркия Республикасындагы соода өкүлү Чынгыз Токтобеков Анкара шаардык мэриясынын карамагында болгон PORTAŞ Proje Inşaat Asfalt Sanayi ve Ticaret A.S. (Порташ) курулуш компаниясынын төрагасы Иса Эсероглу менен жолугушуу өттү. 

Бул жолугушууда Анкаранын асфальтка болгон муктаждыгынын көпчүлүк бөлүгүн өндүргөн жана массалык турак-жай куруу иштерин жасаган компания менен Кыргызстан жана Түркия ортосундагы эки тараптуу “Асфальтты өндүрүү жана туура колдонуу” темасы алкагында сүйлөшүү жүргүзүлдү.   

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн негизинде Порташ команиясынан Анкара асфальт иштетүү иши менен “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасы ортосунда тажрыйба алмашуу программасын уюштуруу сунушталды. Бул сунушту И. Эсероглу туура кабыл алып, алар да Кыргызстан менен иштешүүгө кызыктар экендигин билдирди. 

Программанын жүрүшүн жана Кыргызстандан келе турган делегациянын муктаждыктарын (кала турчу жай, тамак-аш, шаар ичиндеги транспорт) Порташ тарабы өзүнө алуусу боюнча жардам берүү сунушу кабыл алынды.   

Жогорудагы суйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы тарабындан уюштурулган делегация Түркияга келип асфальтты өндүрүү жана туура колдонуу боюнча жаңы технологиялар менен таанышып тажрыйба алышат.    


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу