Спорт аркылуу биримдик! Кыргызстан «One Run» марафонунда!

Новости
20-Май 2024-ж.
694

2024-жылдын 19-майында КРнын  Экономика жана коммерция министрлигинин   алдындагы Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү «One Run» эл аралык жарым марафонуна катышып, сергек жашоо жана биримдик идеясын колдошту. Биздин өкүлдөр 10 км аралыкты басып өтүштү!

«Жарым марафон маанилүү спорттук иш-чара гана болбостон, биздин өлкөлөр ортосундагы тыгыз байланыштын символу болуп калды.

Биздин катышуубуз ар кандай тармактарда, анын ичинде спортто кызматташууга болгон каалообузду баса белгилейт.

Биз спорт баарыбызды бириктирген тил деп эсептейбиз жана биздин максат бири - бирибизди активдүү жашоого шыктандыруу. Келгиле, ден-соолукка жана биримдикке карай бул жолду бирге уланталы!», - деп билдирет КР ЭКМ алдындагы Соода өкүлчүлүгү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу