Министр Д. Амангелдиев Дүйнөлүк банктын аймактык директорлору менен жолугушту

Новости
20-Май 2024-ж.
769

2024-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча адилет өсүш, финансы маселелери жана институттар боюнча аймактык директору Асад Алама мырза, Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова айым жана КР Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы болуп дайындалган Хью Риделл мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Министр Риделл мырзаны Дүйнөлүк банктын КР кеңсесинин башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Д.Амангелдиев Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатынын негизги артыкчылыктуу багыттары жана экономикалык өсүшкө багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар, мисалы: көмүскө экономиканы минималдаштыруу, ошондой эле экспортту өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана салык саясаты чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө маалымдады.

Д.Амангелдиев Дүйнөлүк банктын тобуна өлкө үчүн абдан актуалдуу болгон «Камбар – Ата ГЭС-1», «CASA-1000» жана «Күн электр станцияларын куруу» сыяктуу ири энергетикалык долбоорлорду илгерилетүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү экономика тармактарын реформалоого багытталган иш-аракеттер планын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Тараптар негизги тармактарда активдүү өз ара аракеттенүүнү пландаштырууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу