Экономика министрлигинде 2015-2016-жылдарга KSP программасын ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды

Новости
11-Ноябрь 2015-ж.
1981

Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында КРнын Экономика министринин орун басары КылычбекЖакыповдун Корея Өкмөтүнүн миссиясынын өкүлдөрү менен учурдагы долбоорду изилдөө чөйрөсү жана келечектеги болжолдуу кызматташуу багыттары талкууланган Билим алмашуу программасынын алкагындагы (KSP - KnowledgeSharingProgram) Корея Республикасынын Дүйнөлүк экономика изилдөө институтунун президенти Сае он Ким мырза бышында турган жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болуп өттү.

Мындан тышкары, Экономика министрлигинде 2015-20116-жылдарга KSP программасын ишке ашырууга тиешелүү маселелерди талкуулоо боюнча кызыкдар тараптардын катышуусундагы маалыматтык-тааныштыруу семинары болуп өттү.

2015-жылдын 6 айынын ичинде текшерүүлөрдүн саны 15%га кыскарды.

2015-жылдын 6 айынын ичинде текшерүүлөрдүн саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1513 текшерүүгө же 15%га кыскарды. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары ДаниярИманалиев ишкердик субъекттерин текшерүүнү жүргүзүү жол-жоболорун кыскартуу жана өркүндөтүү боюнча маселе талкууланган мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун Коррупцияга каршы форумунун жүрүшүндө кыскача маалымат берди.

Мамветинспекциясы, Соцфонд, Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жана Мамэкотехинспекциясы тарабынан текшерүүлөрдүн негизги үлүшү бардык МКО тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жалпы санынын 95% түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу