Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Малайзиянын Инвестиция жана соода министрлигинин жетекчилеринин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгү баса белгиленди

Новости
17-Май 2024-ж.
1174

2024-жылдын 15-майында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Малайзиянын Инвестициялар, соода жана өнөр жай министри Тенгку Зафрул Азиздин олуттуу жолугушуусу болуп өттү. Сүйлөшүүлөр Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин расмий сапарынын алкагында өтүп, эки өлкөнүн экономикалык байланыштарды чыңдоого умтулуусун ырастады.

Негизги көңүл соода кызматташуусу, логистика жана экспортту илгерилетүү маселелерине бурулду. Маанилүү кадам өлкөлөр ортосунда түз авиакаттамдардын ачылышы болот, бул иш сапарларды жөнөкөйлөтүп, туристтик агымды көбөйтөт.

Туризм тармагы, анын ичинде халал туризмди өнүктүрүү маселеси өзүнчө талкууланды. Министр Д.Амангелдиев «Үч чоку» жана «Байтик» долбоорлору менен тааныштырып, Кыргызстандын чет элдик инвесторлор үчүн потенциалын баса белгиледи. Тараптар ошондой эле адал индустриясы жана продукцияны сертификациялоо боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Кыргыз тарап малайзиялык кесиптештерине маалыматтык материалдарды тапшырды, алар өз кезегинде өнөктөштөрдү халал индустриясы боюнча форумдарга чакырышты.

Фискалдык саясат жана инвесторлор үчүн салыктык жеңилдиктер да талкуунун темасына айланды. Министр Д.Амангелдиев Кыргызстанды КМШ, Евразия биримдиги жана Европа өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн база катары колдонууну сунуштады.

Энергетика тармагында жашыл энергияны пайдалануунун келечеги жана Кыргызстандын гидроэнергетикасынын потенциалы талкууланды. Венада өтө турган энергетикалык форумга малайзиялык өнөктөштөр чакырылган.

Министр Тенгку Зафрул Азиз Малайзиянын электроника, технология, мунай жана тамак-аш азыктары, санариптик экономикадагы артыкчылыктарын белгилеп, Кыргызстандын рыногун изилдөө зарылдыгын белгиледи.

Эки тарап мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдирип, экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн жана өнөктөштүктү ийгиликтүү өнүктүрүүгө ишенимин билдиришти. Жетишилген макулдашуулар биргелешкен долбоорлор жана эки тараптуу мамилелерди бекемдөө үчүн негиз түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу