КР ЭКМ, Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Wildberries ортосунда КР инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

Новости
16-Май 2024-ж.
1126

2024-жылдын 16-майында Татарстан Республикасынын (РФ) Казань шаарындагы “Казань Экспо” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтында “Россия-Ислам дүйнөсү: Kazan Forum 2024” Эл аралык экономикалык форумунун алкагында КР Экономика жана коммерция министрлиги, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана “Вайлдберриз” ЖЧКсынын ортосунда Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Долбоор алкагында Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда трансчек аралык электрондук соодасын тейлөө үчүн 300 миң м2 заманбап логистикалык борбордун курулушун камтыйт.

Ири масштабдуу инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу республиканын ИДПсынын динамикасына оң таасирин тийгизет, жаңы чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү жана пайда кылуу аркылуу калктын иш менен камсыз болуу деңгээлин жана экономикалык активдүү калктын санын көбөйтүүгө көмөктөшөт. ири ишканалар, өнөктөштөр, сатып алуучулар жана Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын маанилүү учуру болуп калат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек жана Ош шаарларында  Wildberries 2 сорттоочу борборлору жана 130дан ашык тапшырыктарды жеткирүү пункттары бар.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында электрондук соода тез өнүгүүнү баштан кечирүүдө. Азыркы учурда маркетплейсте 17 миңден ашуун кыргызстандык сатуучулар катталган, ал эми 2022-жылы алардын саны 7 миңге жакын болгон.

Маалымат үчүн: 

Wildberries – эл аралык электрондук коммерция жана логистикалык платформа. 2003-жылдан бери ал товарлардын кеңири тандоосу менен ыңгайлуу платформаны, ошондой эле тиешелүү кызматтарды иштеп чыгууда: финтех, саякаттар, санариптик бөлүштүрүү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу