Креативдүү индустрия паркы үчүн иш-чаралардын тизмеси кеңейет

Новости
16-Май 2024-ж.
1083

2024-жылдын 15-майында Бишкекте сессия болуп өттү, анын жүрүшүндө катышуучулар креативдүү индустрия паркы деген эмне, парктын резиденттери үчүн жеңилдетилген салык ставкалары жана Социалдык фондго чегерүүлөр кандай каралгандыгы тууралуу суроолорун беришти.

Катышуучулар резиденттигине тапшыруу үчүн документтерди толтуруу боюнча көрсөтмөлөрдү алышты. Ошондой эле креативдүү индустриялар паркы үчүн баалуу кеңештерди берип,  иш-чаралардын тизмеси кеңейет деген үмүттө болушту.

Эске салсак, креативдүү индустриялар паркынын дирекциясы расмий түрдө ишке кирип, өз ишин баштаган.  Креативдүү индустриялар паркынын резиденти болууга ниеттенген юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден арыздарды чогултуу башталды. Биринчи этапта 10 резидент тандалып алынат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу