Министрдин орун басары С. Болотов жана ЕРӨБ өкүлдөрү кызматташуу маселелери талкууланды

Новости
15-Май 2024-ж.
679

2024–жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжарбек Болотов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү (ЕРӨБ) - Евразия боюнча энергоресурстар департаментинин директорунун орун басары Ерлан Рамазанов, ошондой эле башкы кеңсенин жетектөөчү банкири Кудо Акихиро мырза менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.


Тараптар энергетика тармагында, ошондой эле суу менен камсыздоо, ирригация жана транспорт сыяктуу инфраструктуралык тармактарда эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.


Министрдин орун басары инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда муниципалдык органдардын потенциалын жогорулатуунун жана жеке секторду колдоонун маанилүүлүгүн, административдик-аймактык реформаларды эске алуу зарылдыгын, ошондой эле инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгууда жана демилгелөөдө комплекстүү мамилени белгиледи.


Өз кезегинде, ЕРӨБ өкүлдөрү эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү координациялоодо, ошондой эле демилгелерди жана долбоорлорду макулдашууда Кыргыз тараптан ЕРӨБ дин башкаруучусу катары министрликтин маанилүү ролун белгилешти.


Мындан тышкары, тараптар мындан аркы кызматташуунун мүмкүн болгон долбоорлорун талкуулашты жана натыйжалуу өнөктөштүктү арттыруу боюнча ишти улантууну макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу