КР ЭКМ башчысынын орун басары С. Болотов Швейцариянын экономикалык кызматташуу боюнча миссиясы менен консультацияларды өткөрдү

Новости
15-Май 2024-ж.
699

2024 жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов экономикалык маселелер боюнча катчылыкта ((SECO)) экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мартин Саладин, ошондой эле Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Оливье Бангертер менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы 2022-2025-жылдарга карата кызматташуу программасын, анын ичинде өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу тармактарын, ошондой эле 2026-2029-жылдарга карата кийинки стратегияны талкуулашты.


Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары С.Болотов Швейцария миссиясынын өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жүргүзүп жаткан актуалдуу реформалар менен тааныштырды. Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташуунун негизги багыттары бөлүнүп, анын алкагында Кыргызстанга ар түрдүү тармактарда, анын ичинде инклюзивдик жана туруктуу экономикалык өнүгүү, суу ресурстарын башкаруу, инфраструктураны өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, мамлекеттик башкарууну жакшыртуу, саламаттыкты сактоону өнүктүрүү жана маданий кызматташтыкты колдоо көрсөтүлүүдө.


Өз кезегинде М.Саладин Швейцария менен Кыргызстандын ортосундагы кайра жаралуучу энергия, жашыл экономика, мамлекеттик башкарууну жакшыртуу, санариптештирүү жана Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү сыяктуу тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын баса белгиледи.


Жыйынтыгында эки тарап өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн Бул багыттардын маанилүүлүгүн эске алуу менен Кыргызстандын энергетикасын жана экономикасын өнүктүрүүдө мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу