Кыргыз Республикасынын ак ниеттүү ишкерлеринин Реестрин түзүү жөнүндө

Новости
15-Май 2024-ж.
1027

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында

"Кыргыз Республикасынын Ишкерлеринин макамын жана беделин жогорулатуу жөнүндө" өлкөнүн министрлер кабинети тарабынан КР ак ниет ишкерлеринин Реестри түзүлөт.

Реестрди жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп КР экономика жана коммерция Министрлиги аныкталды. Реестрге киргизүү үчүн ишкердик субъекттерин тандоону министрлик түзгөн ведомстволор аралык комиссия жүргүзөт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттеринен арыз берүүгө активдүү катышууну суранабыз.

Реестрге кирген ишкер төмөнкү артыкчылыктарга ээ:

- КРнын Мамлекеттик телеканалдарынан медиа жарнама үчүн акысыз эфирдик убакыт алат;

- салык жана бажы кызматтарын кезексиз алат;

- КР эл аралык көргөзмө, жарманке, форумдарга акысыз катышат;

- КР салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо, КР ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизилген учурдан тартып мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан үч жылга текшерүүдөн бошотулат;

- мамлекеттик кредиттөө программаларын ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген каржылоону алат.

Ишкерди Реестрге киргизүү критерийлери Жободо көрсөтүлгөн

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ак ниеттүү ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө

2022-жылдын 26-декабрында, №715.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу