КР ЭКМ ведомстволук уюмдарынын кызматкерлери коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча окуудан өтүүдө

Новости
14-Май 2024-ж.
724

КР Экономика жана коммерция министрлигинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Назгүл Сыдыгалиева КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору Тилек Саякбаев менен биргеликте Кыргызстандарттын кызматкерлери үчүн семинар өткөрдү.

Катышуучулар ошондой эле стратегиялык жана аналитикалык ыкмаларды жана коррупцияга жол бербөө маданиятын калыптандырууну камтыган министрликтеги коррупциянын алдын алуу системасы менен таанышышты.

Коррупция концепциясын туруктуу түшүнүүнү калыптандыруу максатында коррупциянын маңызы жана себептери, коррупцияга каршы туруунун укуктук жана институттук түзүүчүлөрү берилди.

Коррупция концепциясын туруктуу түшүнүүнү калыптандыруу, коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү максатында коррупциянын маңызы, себептери, коррупцияга каршы туруунун укуктук жана институттук түзүүчүлөрү деген түшүнүктөр берилди.

Семинардын көпчүлүк бөлүгү коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу маселелерин теориялык жана практикалык изилдөөгө арналган. Коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу процесси 4 этаптан турат жана циклдик болуп саналат, мында тобокелдиктерди талдоо жана табуу, тобокелдиктерди баалоо, тобокелдиктерди минималдаштыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча чараларды кабыл алуу жана иштеп чыгуу процесстери жүрөт, анын процессинде мурда идентификацияланбаган тобокелдиктерди идентификациялоо жүзөгө ашырылат.

Эске салсак, КР МЭК тарабынан 2024-2026-жылдарга коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча План иштелип чыккан, ал министрликтин функцияларында жана иш процесстеринде белгиленген ар бир коррупциялык тобокелдиктерди жоюу же азайтуу боюнча чараларды/механизмдерди максималдуу түрдө камтыйт.

Мындан тышкары, министрлик жакшы тартип жөнүндө декларация түрүндө өзүнүн антикоррупциялык саясатын иштеп чыгууну пландаштырат, ал министрликте коррупцияны алдын алууга карата бирдиктүү мамилени түзүү үчүн негиз болот.

Ошондой эле Министрликке карата калктын ишеним индексин талдоонун жыйынтыктары айтылды, аны жогорулатуу 2023-2025 – жылдарга Министрликтин системасында коррупцияны алдын алуу боюнча иш-аракеттердин стратегиялык планынын максаттуу индикатору болуп саналат. Калктын министрликке болгон ишеним индексинин тенденциясы 2012-жылдан тартып бул индекске байкоо жүргүзүүнүн башталышынан тартып, акыркы үч жылда жана 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча, ошондой эле регионалдык дисперсияда талданган.

Иш-чарада Кыргызстандарт тарабынан эл аралык стандарт ISO 37001 паракорчулукка каршы башкаруу системасын киргизүү маселеси талкууланды. Иш-аракеттердин стратегиялык планына ылайык, эки ведомство, Кыргыз аккредитациялоо борбору, Стандартташтыруу жана метрология борбору стандартты пилоттук режимде киргизүү милдетин өздөрүнө алышты. 

Бардык рангдагы ведомстволук бөлүмдөрдүн кызматкерлерин коррупцияга каршы маселелерге окутуу боюнча иш-чара улантылат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу