Социалдык маанилүү товарлардын (ун, кант, КММ) бааларына кыскача сереп

Новости
13-Май 2024-ж.
915

Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана өлкөнүн калкын сапаттуу буудай уну жана мал чарбачылыгы үчүн тоютту жеткиликтүү баада үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ун тартуучу ишканаларга убактылуу жеңилдик берүү жөнүндө токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана ун тартуу тармагынын ишканаларынын ортосунда 2024-жылга Макулдашууга кол коюлган. Мында пункттардын бири 1-сорттогу буудай унун рентабелдүүлүктүн 10% ашпаган минималдуу үстөк баалар боюнча, буудай данынын рыногунун конъюнктурасынын өзгөрүшүнө жараша сатуу каралат. Макулдашуу 2024-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 токтомуна ылайык жума сайын бааларга мониторинг жүргүзүлүп турат, бул токтом менен  Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык маанилүү товарлардын тизмеси бекитилген.

  1-сорттогу ундун рыноктук чекене бааларына жүргүзүлгөн мониторинг туруктуу баа абалын көрсөтүп турат, анткени республика боюнча 1-сорттогу ундун баасы үстүбүздөгү жылдын 7-майына карата 36 сом/кг түздү.

2024-ж. 10-майына карата ундун запасы ЖӨБОнун маалыматы боюнча республикада 19755,3 тн түзөт.

Кумшекердин товардык рыногунда ата мекендик жана импорттук өндүрүштөгү канттын ашыгы менен камсыз кылынгандыгы байкалат, мониторингдин жыйынтыгы боюнча республиканын ар кайсы региондорунда канттын чекене баасы кг үчүн 77 сомдон 90 сомго чейин өзгөрүп турганы аныкталган. Үстүбүздөгү жылдын 7-майына карата республика боюнча орточо баасы 80,25 сом/кг түздү.

Буга чейин 2023-жылы кол коюлган Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, “Кайыңды-Кант” ААК, “Кошой” ААК жана айрым соода тармактарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашуу мурдагыдай эле иштеп жатат, анда соода тармактарында кантты калк үчүн жеңилдетилген баада сатып алууга болот (бонустук карта бар болсо 72-73 сом/кг, суткасына бир колго 1 кг чектөө менен).

2024-ж. 10-майына карата канттын запасы ЖӨБО маалыматы боюнча республикада 128965,85 тн түзөт.

Калктын керектөөсү жыл ичинде 145,7 миң тоннаны түзөт, базар баасынын ажиотажын болтурбоо үчүн, ошондой эле Россиядан жана Казакстандан камыш же кызылча кантын ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууларды эске алуу менен КР Айыл чарба министрлиги жаңы түшүмгө чейин ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштайт (КР Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоору киргизилген).

Ак кантты импорттоого тыюу салуу ЕЭК өлкөлөрүнө тиешелүү эмес. Кыргызстанда канттын өздүк өндүрүшү калктын керектөөсүнүн 60%ын жабат.

Өлкөдө КММ рыногунда республика боюнча май куюучу жайлар тармагына ээ болгон 5-6 ири катышуучулар иш алып барат. Алар рыноктук суроо-талаптын 95% камсыз кылат. Калган 5% ички өндүрүш аркылуу камсыздалат. КММ импорту Россия Федерациясынан ишке ашырылат.

Республика ичинде бензинге болгон баанын жогорулашынын негизги себептеринин бири- россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдорго дрондордун чабуулдарынын көбөйүшү экспорттук баалардын жогорулашына алып келген. Заводдордун токтоп калышы да рынокто күйүүчү майдын көлөмүнүн азайышына алып келет, ошого жараша баа өсүп жатат.

Бирок Министрлик баалардын өсүшүн кармап туруу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен Нефтетрейдерлер ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн.

Кыргызстандын нефтетрейдерлери КММди адилеттүү баада туруктуу камсыз кылуу, ошондой эле алардын негизсиз өсүшүн болтурбоо үчүн республиканын калкынын кызыкчылыгын эске алуу менен социалдык жоопкерчиликти көрсөтүү менен:

- тышкы факторлорду жана монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон өзүнүн ички саясатын эске алуу менен калк үчүн мунайзаттардын баасын жана жеке жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга;

- мунайзаттарды сатууда керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын кысымга алууга жол бербөөгө;

- мунайзаттардын зарыл запастарын камсыз кылуу жана ички рынокто алардын тартыштыгына жол бербөөгө милдеттеништи.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы түзүлгөн макулдашуунун алкагында анын аткарылышын туруктуу негизде контролдойт.

Кыргыз Республикасында мунайзаттарга жылдык керектөө болжол менен 1,4 млн.тоннаны түзөрүн белгилей кетүү керек.

Орточо суткалык керектөө: бензин-1781 тн, дизель отуну 1507 тн (бардыгы 3288 тн).

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу